Бишкектин айрым аймактарында көгүлтүр от берилбейт

15:18, 20 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым аймактарында көгүлтүр от берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:

  • 24-28-июнда «Жал» кичи районунда, ошондой эле Садырбаев— Гагарин — Манас — Пожарский — Медеров — Абай — Ахунбаев — Ташкөмүр — Ажибек Баатыр көчөлөрү менен чектеш аймактарда жана «Теплоэнергоремонт».
  • 24-26-июнда Чүй- Достоевский-Веселая- Салиева- Буденный.
  • 25-26-июнда «Тунгуч» кичи району.
  • 26-27-июнда Рыбинский бурулушу.​