19:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Илим Карыпбеков ал кеткенден кийин той берген КТРКнын жамаатына жооп берди

КТРКдин мурдакы башкы директору Илим Карыпбеков анын кызматтан кетишине байланыштуу той боюнча сынга жооп берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирди.

Илим Карыпбековдун айтымында, ал өзү эч кандай той уюштурган эмес.

«Мен туулган күнүмдү да белгилебей. Анткени аны иретсиз, маңызсыз деп эсептейм. Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев устукансыз калдым деп кейип жатса, ага уча алып келип берүүгө даярмын», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Камчыбек Жолдошбаев Илим Карыпбеков КТРКнын жамаатына той уюштурганын айтып, каржы чыгымдарын текшерүү зарылдыгын белгилеген.

Илим Карыпбековдун айтымында, ал кеткендигине байланыштуу КТРКнын жамааты өзү той уюштурган.

«Эгер депутат менден кутулгандыгына байланыштуу жамааттын айрым кызматкерлери уюштурган той боюнча айтып жатса, анда мен баардык куттуктоолорго, калоолорго кошулам. Жаңы жетекчилик сиздерге көңүл бөлүп, көптөн күткөн айлыкка кошумча, убак-убагы менен уча тартып турат деген ниеттемин», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар