Эртең Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт

17:55, 19 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

  • 8.00-17.00 —Бөкөнбаев көчөсү, 76;
  • 9.00-17.00 — Менделеев, Төкөлдөш көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Васильев көчөсү, 248 блок А;
  • 9.00-18.00 — Чокморов, Бөкөнбаев, Шевченко, Үмөталиев көчөлөрү менен чектеш аймак, Лев Толстой, Панфилов, Хоперская, Гагарин көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9.00-16.00 — Садырбаев, Космическая, Ахунбаев, Репин, Насиров көчөлөрүнүн бир бөлүгү, «Арча-Бешик»;
  • 9.30-17.00 — Малдыбаев, Кустанайская, Ден Сяопин, Девятого января, Брестская, Садыгалиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Волкова бурулушу;
  • 9.30-19.00 — «Келечек»,  «Тунгуч», «Асанбай»;
  • 10.00-18.00 —  «Кара-Жыгач».