Бишкектин мектептеринин 60 пайыздан ашууну жарым кылым мурун курулган

14:40, 19 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мектептеринин 60 пайыздан ашууну жарым кылым мурун курулган. Бул тууралуу маалымат жыйында мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова айтты.

Ал билдиргендей, шаардагы окутуу мекемелеринин көбү коопсуздук талаптарына жооп бербейт. «Мектептердин 60 пайызы 1950-жылдары курулган. Ошого карабай окутуучулар каражат таап, көйгөйдү чечип келишет», -деди ал.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинде жалпы билим берүү мекемелериндеги коопсуздугунун комплекстүү стандартын иштеп чыкты.  Анда 11 пилоттук мектеп коопсуз сатып алуулар механизмдери, энерго эффективдүүлүк жана аймакты жашылдандыруу боюнча талаптардан өттү.