Муздаткычта каза болгон балдардын видеосу үчүн 3 милиция жазаланды

11:25, 19 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ысы-Көлдө муздаткычта камалып калып каза болгон балдарды тапкан маалдагы видео тарап кеткендиги үчүн 3 милиция жазаланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Түп районунун Михайловка айылында 4 жана 6 жаштардагы эки бала эски муздачкычка кирип, андан чыга албай каза болушкан. Тумчугуп калган балдардын жансыз денесин бир нече убакыттан кийин табышкан. Муздаткычты ачып, андан балдарды табышкан мезгилди камтыган видео тартылып тарап кеткен. 

«Ысык-Көл облусу боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан видеонун интернетке тарап кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүштү. Аталган видео кандайдыр бир профилактикалык иштерге тиешеси жок жана бул айрым милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынын белгиси экендигин белгилейбиз. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен талаптарды одоно бузгандыгы үчүн, Түп РИИБдин бир катар кызматкерлери тартиптик жазаларын алышты. Ысык-Көл ОИИБдин буйругу менен Түп РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Ж.Ч. кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертилсе, Түп РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү С.К. аттууга катуу сөгүш жарыяланды. Тартиптик эскертүү Түп РИИБдин башчысынын орун басарына дагы жарыяланды», -деп айтылат маалыматта.