Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

10:23, 19 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чынында эле тажик тарап такталбаган аймакка жол курууга аракет кылышкан.

«Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары калкка түшүндүүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Чек ара өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгон соң, курулуш иштери токтотулган. Учурда районда абал туруктуу», -деп билдиришти Чек ара кызматынан.