Бишкекте эмерек цехинен өрт чыкты

16:50, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги Матросов көчөсүнүн № 6 дарегинде жайгашкан эмерек цехинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет.