09:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Ата районунда жасалма акча алып жүргөн 2 бала кармалды

Ысык-Ата районунда жасалма акча алып жүргөн 2 бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз балдар жалпы суммасы 8 миң еврону түзгөн жасалма акчаны алмаштырып кетишкенин айткан.

«Алар 616 миң сомдук чыгым келтиришкен. Аталган окуяга шектелип 29 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы С.Д. кармалды», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби