11:03, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Талас суусуна 90 жаштагы эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, ал 16-июндан тарта дайынсыз болуп жаткан. Туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, акыры ӨКМга кайрылышкан.
Куткаруучулар кишинин сөөгүн таап, милицияга өткөрүп беришти.