09:48, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg
2019-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо −7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, 4 миллиард 294,7 миллион сомго 9 миң 306 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка таянсак, өсүмдүк өстүрүүгө −956,1 миллион сомго 2 миң 528 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка −2 миллиард 532,4 миллион сомго 6 миң 555 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 806,2 миллион сомго 223 жеңилдетилген насыя берилди.
Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет.