09:43, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg
2019-жылдын январь-май айларында бюджеттик насыяларды кайтаруу 2 миллиард 202,50 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайтарылган каражаттын ичинде негизги карыз боюнча-1 миллиард 490,83 миллион сом, пайыздар жана айыптар боюнча — 711,67 миллион сомду түздү.
2019-жылы бюджеттик насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карызын 3 миллиард 496,76 миллион сомду кайтаруу божомолдонгон, анын ичинен:
— негизги карыз боюнча — 2 миллиард 547,44 миллион сом;
— пайыздар жана айыптар боюнча — 949,32 миллион сом.