Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 29 жаштагы К.И. аттуу тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши кызганычтан улам болгон.
«Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И. жубайы А.Н. менен айылдагылардын малын жайлоодо кайтарып жүрүшкөн. Жубайлар Кара-Сазда убактылуу жашашчу. 16-июнда алар урушуп кетип, жолдошу мыйзамсыз сакталып турган тапанча менен жубайынын көкүрөгүнө аткан. А.Н. окуя болгон жерде каза болду», -деп билдиришти ОИИББдан.