Бишкекте алтын медаль алган окуучулардын балы өтөт

08:41, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте алтын медаль алган окуучулардын балы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылат. Бул жылы борбор калаанын мектептеринин 56 окуучусу артыкчылык көрсөткөндүгү үчүн аттестат алышмакчы.

Иш чара 24-июнда «Жаннат Риженси» комплексинде болот.