Чүйдө 33 жаштагы киши каналдагы сууга чөгүп кетти

11:09, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылында бир киши каналдагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 33 жаштагы киши каза болду.

Издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган. Алар эртең менен жарандын денесин каналдан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.