Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал

11:07, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

«Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал», -деп билдиришти ӨКМдан.