Жакында сот. Икрамжан Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады

10:34, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Икрамжан Илмияновдун 150 миң долларды мыйзамсыз алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, иликтөөнүн жыйынтыгы менен 10-июнда Икрамжан Илмияновго кылмыш жасаганга шектүү тууралуу маалымат билдирилди. Шектүү жана жактоочулары кылмыш иштин материалдары менен тааныша баштайт. 

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго алдамчылык айыбы тагылууда.