09:03, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык Султай Чыңгыз Орусиянын Биринчи Каналындагы «Баарынын мыкты!» шоусуна катышты. Аталган берүү 16-июнда тартууланды.
74 мүнөттүк берүүнүн 13 мүнөтү Султайга арналды. Алып баруучу Максим Галкин Султайды «кара-ак чакмактардын ханзаадасы» деп тааныштырды.
Султай Чыңгыз режиссер Юлий Гусман менен шахмат ойноп, артыкчылыгын көрсөттү. Ага төш белги тагышты.
Султай Чыңгыздын атасы Чыңгыз Абылкасымов берүү 2017-жылдын августунда тартылганын айтат.
Шахматчы бир канча мелдештин жеңүүчүсү, Кыргызстандын чемпиону, Батыш Азия чемпиону сыйлыгынын ээси. Учурда ал АКШда ата-энеси менен жашап жатат.