Бишкекте жол кырсыгынан 2 киши жабыркады

08:44, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан 2 киши жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа Москва көчөсүнөн бара жатып, Эркиндик бульварына жеткенде Honda Jazz унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен 2 жабырлануучу ооруканага кайрылышты.

Унаалар айып төлөөчү жайга киргизилди. 

Фото