Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт

17:24, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, газ берүү 17-июндан 21-июнга чейин чектелет.

Лев Толстой, Киров, БЧК жана Ала-Арча суусу менен чектеш аймактарда ондоо иштери жүргүзүлөт.