USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеримин деп тааныткан мас кишинин видеосу тарады

14:47, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Фейсбук социалдык түйүнүндө өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеримин деп тааныткан мас кишинин видеосу тарады. 

Видеодо эркек киши Улуттук гвардиянын кызматкери деген күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн участковыймын деп тааныштырат. Мындан тышкары ал тапанчасын алып чыгып мактанганы да тартылып калган.

Улуттук гвардиядан билдиришкендей, видеодогу Тынчтыкбек Жеңиш уулунун күбөлүгүн көрсөткөн жаран аларда иштебейт.

Ал эми Бишкек ШИИББ Тынчтыкбек Жеңишбек уулун тартип сакчысы болуп иштебегендигин кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18