Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды колдоо максатында акция өтөт

14:28, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды колдоо максатында, «Өмүр үчүн оюн» аттуу кайрымдуулук гольф мелдеш өтөт. Бул тууралуу Help the Children — SKD фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 50дөн ашуун спортчу ат салышат.

«Аталган иш-чара 12-жолу уюштурулууда. 2016-жылы болгон мелдеште 200 миң сом чогулган, анда жаш бейтап Италияга дарыланууга жөнөтүлгөн», -деп билдиришти фонддон.

Мелдеш маалында кайрымдуулук акциясы уюштурулат. Акция 15-июнда өтөт.