13:47, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык кылмыш менен күрөшүү органын түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн уюмдун Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» резицендиясында өтүп жаткан саммитинде билдирди.
«Учурда интернет мамлекеттин коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратууда. Жалган маалымат көбөйтүлүп таркатылып, мамлекеттин аброюуна негативдүү таасир берүүдө. IT-технологияны кылмыш, террордук жана саясый-аскердик максатта колдонгон учурлар дагы кездешүүдө», — дейт Сооронбай Жээнбеков.
Андан сырткары президент соода алаканы улуттук валютага которууну сунуштады.
Ал эми Россия лидери Владимир Путин аймактык коопсуздук боюнча кеп салып, Ооганстандын маселесине көңүл бурду.
Биз үчүн башкы тема — терроризм жана экстремизм менен күрөш. Ооганстандан көңүл бөлүүгө муктаж. Аларга улуттук жарашууга жардам берүү керек
Владимир Путин