Сокулук районунда милиция 2 кишинин скелетин таап алды

11:55, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда милиция 2 кишинин скелетин таап алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, скелеттин жынысы белгисиз.

«Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат. Скелеттин жашын аныктоо мүмкүн эмес», -деп билдиришти укук коргоо органдарынан.