ӨКМ: Ананьев айылындагы үйдөн өрт чыкты

11:27, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айылындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 90 чарчы метр чатыры, 72 чарчы метр бастырманын чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Окуя Ленин көчөсүндөгү үйдө болгон.

Мындан сырткары ушул эле көчөдөгү үйдүн жана мончонун 27 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт тиричилик буюмдарын пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.