Москвада 18 жашар жалал-абаддык кыз сууга чөгүп каза болду

10:52, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Москвада 18 жашар жалал-абаддык кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Россиядагы диаспора маалымдайт.

Г.Б. эс алуу учурунда Москва дарыясына чөгүп кеткен. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болот.

«Сууга түшүп эле чыкпай калган. Сүзгөндү билбейт экен. 20 минуттан кийин сактоочулар алып чыгып, өмүрүн сактай алышкан эмес», — деп айтылат маалыматта.

Сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Маалыматка караганда, Г.Б. эки жылдан бери Москвадагы кытай кафесинде иштеп жүргөн.