Муфтият элден чогулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты

10:36, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Муфтият Рамазан айында элден чогулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты. Бул тууралуу КМДБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды.

Белгилей кетсек, чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.