Бүгүн Бишкекте кан тапшыруу боюнча ири акция өтөт

09:52, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкекте кан тапшыруу боюнча ири акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акция Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата уюштурулат.

Акция «Дордой Плаза-2» соода борборунда саат 12де башталат. Иш-чаранын жүрүшүндө концерт уюштурулуп, донорлорго белектер тапшырылат.