Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталды

09:25, 14 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталды.

Иш-чарага катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын жетекчилери келишти.

Иш чаранын байкоочулары катары Ооганстан, Беларуссия, Иран жана Монголиянын президенттери катышууда. ШКУ саммитинде 20га жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө.