Индиянын премьер-министри жана Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келишти

15:15, 13 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан Индиянын президентин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге коюу күтүлүүдө.

Ошондой эле, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Фото

«Манас» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.