«Алтын тамга». 179 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болду

09:40, 13 июня 2019, Бишкек - 24.kg

«Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 17 пайызы артыкчылык аттестатын алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Алтын тамга» тестирлөөсүнө 1 миң 48 окуучу катышкан. Алардын 179у артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту.

Эске салсак, былтыр тестирлөөгө катышкан 965 катышуучунун ичинен 141 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатка ээ болгон.