09:27, 12 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Монголиянын президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.Андан сырткары, ал Монголиянын Бишкекте эчилигин ачып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.