08:45, 12 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн — Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт. Бул тууралуу РБК агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда.
Төлөм 2020-жылдан баштап жүргүзүлөт жана анын суммасы улам көбөйүп турат.
Жаңы келишим боюнча Орусияда мекенине кайткан мигранттар жана орусиянын башка өлкөгө көчуп кеткен жарандарынын баарына пенсия төлөнөт.