Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

15:50, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Блогер жана Социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Эдил Байсаловдун талапкерлигин депутаттар буга чейин карап чыгышкан.