Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын бешинчи саммити 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борборунда өтөт.
Бул эл аралык форум Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага Азиянын жалпы аянтынын 90 пайызга жакынын ээлеген 27 өлкө кирет. Мындан тышкары анда дагы сегиз мамлекет менен беш эл аралык уюм, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму байкоочу макамына ээ.