23:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жактоочу: Аида Салянованы кримчөйрө тарабынан жазалоо менен коркутушууда

Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова Аида Салянованын жашоосу үчүн кабатырланууда. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтты.

Анын билдирүүсүндө, Аида Саляновага криминал дүйнөсү тарабынан коркунуч жаралууда. Анын айткандарын «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева тастыктады. Ал Аида Салянованы № 1 тергөө абагына киргизбөө керек эле дейт.

«Аны камакка албаш керек эле, ал тургай жемкорлукка айыптабаш керек. Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна анын катыштыгы жок», -деди ал.

Эске салсак, мурунку прокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал жалпы камерага киргизилген эмес. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Аида Салянова 26-июнга чейин камакта болот.

Эң көп окулган жаңылыктар