Казакстандагы жол кырсыкта кыргызстандык жаран жабыркады

11:19, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Toyota Estima үлгүсүндөгү чакан автобус менен Toyota Corolla унаасы кагышып, 5 киши жаракат алды. Бул тууралуу Рен-ТВ жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Казакстанда катталды.

Жабыркагандардын төртөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны. Орус улутундагы жубайлар жана 2 баласы жабыркаган. Учурда алар ооруканага жаткырылды.