Ат-Башы районунда кар жаады

09:25, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда кар жаады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Маалыматка караганда, кар 10-июнда жайлоого жааган.

Кечээ ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда катуу жаан жаайт деп эскерткен. Ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.