ШКУ саммитине карата Чоң-Арык- «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жолдун 22-чакырымында чуңкурлар ондолуп жатат.
Мындан тышкары Бишкек-«Манас» аба майданы жолунун 7-35-чакырымдарында баннерлер орнотулат. Унаа павильондорун сырдоо, актоо иштери аяктады.