Алмазбек Атамбаев менен Жанар Акаев YouTube-каналында күч сынашабы?

17:33, 10 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев YouTube-канал ачты.

Анда мурунку өлкө башчысы ишмердүүлүгүнө байланыштуу тасмаларды, элге жасаган кайрылууларды, билдирүүлөрдү жарыялап турмакчы.

Атамбаевдин YouTube-каналына 43 адам катталды. 

Саясатчылар арасында YouTube активдүү колдогондор аз. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жакында YouTube-каналын ачкандыгын жарыялаган. Ага 4,5 миңден ашык шайлоочу катталган.

Белгилей кетсек, YouTube тармагында саясатчыларга караганда Чубак ажы Жалилов популярдуу. Анын «Насаат медиа» каналын 400 миңден ашык киши карайт.