Эсептөө палатасынын отчету жактырылды

14:25, 10 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Эсептөө палатасынын отчёту жактырылды. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 13 миллиард 236 миллион 600 миң сомду түздү.

«Бюджеттин резервдеринин жана жоготууларынын аныкталган жалпы суммасынан 1 миллиард 791 миллион 5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Отчёттук жыл ичинде 991 миллиард 9 миллион сом калыбына келтирилди. Калыбына келтирүү 55 пайызды түздү», — деди Улукбек Марипов.