17:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кеңеш. Жайда өзгөртө турган экологияга пайдалуу адаттар

Жай мезгили эс алуу менен бирге, жан дүйнө жана жүрүм-турумубузду иликтөө мезгили. Мисалы, айрым жаман адаттардан арылуу,  же күн тартибине, күнүмдүк оокатка өзгөртүү киргизүү менен планетанын тазалыгына салым кошо алабыз.

24.kg агенттиги үч айда айлана-чөйрөгө зыянды азайтуу үчүн айрым адаттарды өзгөртүүнү сунуштайт.

1

Жергиликтүү жашылча-жемиштерди колдонууга өтүү

Жашылча, жер-жемиштерди жергиликтүү дыйкандардан сатып алуу, экологиялык жактан алда канча таза жана ишенимдүү. Биринчиден жергиликтүү фермерлер алыстан импорттолгон азыктарды алып келбей, өз бакчасынан сатышат. Демек, жергиликтүү жашылча-жемиштер алыстан алынып келингенге караганда арзан. Экинчиден узак жол тартып, күйүүчү-майлоочу май коротулуп алынып келинген жок.

Анүстүнө жергиликтүү, химикаты аз жашылча-жемиштер сизге жакшы косметикалык каражат болуп берет.

2

Убактылуу автомобилден баш тартуу

Ысык, дем жетпеген автобуста жыкжыйма киши менен жол жүрүү же унаанын ичинде ысык күнгө какталып жол тыгындарында туруп калуу- бул цивилизациянын эң жаман кыйноосу. Жайында биз «унаа көз карандылыгынан» арылып, транспорттун экологиялык түрү, велосипедди колдоно алабыз.

Мегаполистин жашоочулары арасында велосипед тебүү жыл өткөн сайын модага айланууда. Анткени аталган транспорттун түрү кожоюнга көп артыкчылык берет. Биринчиден жол тыгынга калбайсыз, абаны булгап зыяндуу түтүн чыгарбайсыз. Жөн гана шамал менен жарышып жүрө бересиз. Велосипед — ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Жүрөк кан тамыр системасын бекемдеп, буттун жана далынын булчуңдарын чыңдайт.

3

Интернетти аз колдонуңуз

Жайында виртуалдуу дүйнөнү таштап, ага альтернатива табуу мүмкүнчүлүгү кенен:жаратылыш, парктар, көл жээги.
Интернетти колдонбой электр энергиясын үнөмдөйсүз.

4

Спорт залдан ачык асманда машыгуу

Жыл сайын чуркайм деп убада берген учурлар болду беле? Жай мезгили чуркаганга ылайыктуу учур. Бул адат — жайдары маанай гана тартуулабастан, спорт залга баруу милдетинен арылтат. Залда иштеп турган кондиционерден, солярий, электр энергиясын талап кылчу жабдыктардан кутуласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар