17:55, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Бул жылы ажыга барчуларды эмдөө иштери 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга барчу талапкерлерге виза ачылбайт.
Муфтият белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Андан сырткары, эмдөө боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып, кайрылууну өтүнөт.