ӨКМ: Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда сел жүрүп, жол толугу менен тазаланды

12:25, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 6-июнда жаан жаап, саат 15:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, көлөмү 75 метр куб кум-таш аралаш сел суусу унаа жолду жаап калган.

«Бул унаа жолдогу кыймыл Тогуз-Торо районунун акиминин буйругу менен 2018-жылдын 9-октябрынан тартып жабылган болчу. Жолду тазалоого № 31 жол тейлөө ишанасынан 1 жүктөгүч чыгып, саат 17:50 чамасында унаа жол толугу менен тазаланып бүттү», -деп билдиришти ӨКМдан.