«Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи келди

11:15, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. «Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмил Сыдыков жаңы кызматка дайындалгандан кийин, мыйзам боюнча депутаттык мандатын тапшырышы керек.

Мэриядан кабарлашкандай, Эмил Сыдыков 35 жашта. Бухгалтердик эсеп адистиги боюнча жогорку билимдин ээси. Үй-бүлөөлү, 4 баланын атасы.