11:09, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда лицензиялардын басымдуу бөлүгү пайдалуу тоо-кен байлыктарын иштетүүгө берилген. Анын саны 1 миң 273. Бул тууралуу маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, пайдалуу тоо-кен байлыктарын чалгындоого 917 лицензия берилген.
Ал эми издөө иштерине 230. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 2 миң 420 лицензия берилген. Анын 470- алтын, 106 -темир, 327 -көмүр, 1 миң 45- руда эмес пайдалуу кен-байлыктарга берилген.