«Айчүрөк» соода борборунун жанындагы жаңы курулуп жаткан имараттан өрт чыкты

08:39, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg

6-июндан 7-июнга караган түнү Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы жаңы курулуп жаткан имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка таянсак, өрт курулуп жаткан имараттын 9-кабатында орнотулган будкадан чыккан.

Өрт саат 02:12де толук өчүрүлгөн.