17:55, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы эки эсе арзан болот. Бул тууралуу Мамлекеттик катоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу маалында өлкөнүн каттоо-эсепке алуу системасындагы азыркы кырдаал, аны өнүктүрүүнүн, оптимизациялоонун жана модернизациялоонун болочогу талкууланды.
Мамлекет башчысы региондордогу калктын турмушунун сапаты, алардын социалдык-экономикалык өнүгүшү көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлккө, унаа каражаттарына болгон укукту, айдоочулар курамын жана жарандык абал актыларын каттоонун сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.
«Маалыматтык ресурстардын заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен тыгыз байланышына негизделген натыйжалуу каттоо-эсепке алуу системасын куруу, аны туруктуу өнүктүрүү жана өркүндөтүү МККнын жакынкы болочоктогу негизги милдеттеринин бири болушу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
МКК төрагасы Алмаз Мамбетов жаңы Калкты тейлөө Борболорун (КТБ) куруу боюнча пландары, маалыматтарды санарипке которуу жана жаңы үлгүдөгү мамлекетик маанидеги документтерди киргизүү боюнча пландары тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, кадастр системасын жана кыймылсыз мүлккө менчитки каттоо системасын өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.
Алмаз Мамбетов МКК калктын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө өтүү процессине даярдык көрүп жатканын билдирди.
«Жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. Буга чейин бул иш менен жеке менчик менчик компания алектенчү, эми бул долбоорду МКК ишке ашырат», — деди ал.