Орок айылынын тургундары үйлөрүнө тарап кетишти

15:33, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Орок айылынын тургундары үйлөрүнө тарап кетишти.

Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат. Алар коомдук тартипти камсыздоону улантышууда.

Айылдыктар өспүрүмдөрдүн сабалышы боюнча милицияга арыз жазууну көздөп жатышат.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.