15:02, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Орок айылындагы жаңжал маалында кармалган жергиликтүү кенештин депутаты Кылычбек Бокоевди үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү калк билдирди.
Айтымдарында, аны жагдайды териштирүү үчүн алып келишкен.
Маалыматты Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов тастыктады. Айтымында, мындай чечим бүгүн Сокулук райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Айылдагы мечиттин жанында жергиликтүү тургундар чогулушууда. Алар тараптарды элдештирүү маселесин чечүүнү күтүп жатышат.
Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.