Кечээ 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп кетти

11:47, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Ленин айылындагы «Сан-Тропе» эс алуу аймагында катталган.

Куткаруучулар сөөктү милицияга өткөрүп берди.